Крымдагы орус оккупациясынын беш жылдыгы болгону турат

0
685

Быйыл Крымдагы орус оккупациясынын беш жылдыгы болгону турат. Европанын согуштан кийинки тарыхында, 2014-жылдын февраль айында, биринчи жолу жолу Москва башка эгемендүү мамлекеттин аймагынын бир бөлүгүн басып алып, Европанын жана глобалдык коопсуздук системасын бузулушуна алып келген.

Анда бүткүл дүйнө Крымдын аннексиясын айыптаган, Кремлдин 2008 жылкы Грузиядагы окуя сыяктуу унутулуп жана кечирилип калат деген ишеничине карабастан, бүгүнкү күнгө чейин өлкөлөр позициясын өзгөрткөн жок.

Акыл-эстүү саясатчылар, талдоочулар жана юристтер бир ооздон Москва эларалык укугун бузган деп айтышкан, жана укуктук көз караштан Крым Украинаныкы экендигине шек келтирген адам жок. Бул, албетте, абдан жакшы.

Бирок, Путиндин жоругун «адамча» түшүнүүгө болот дегендер да арбын, анткени алар кандайдыр бир жерден «Крым мурунтан эле орустардыкы» деген сөз угуп, эс-тутумуна сиңип калган.

Мындан өткөн тантык жана далилсиз миф издеп табуу зор, бирок ал эл арасында тамыр таштап жана эларалык коомчулуктун аң-сезимине сиңип кеткени таң калыштуу.

Мунун себеби, СССРдин бөлүнүшү менен, согуштун жыты дагы жок болгондо, орус пропагандасы бул жалган маалыматты жайылтып баштагандыгында. Бирок, согуш башталганда «официалдуу эмес» пикир туруктуу элдин эсинде калып калган.

Бул макалада, айтылып кеткен мифти жокко чыгырган фактылырды атап кетким келет, аны объективдүү маалымат булуктарынан lf тастыктап алса болот. Керек болсо, Википедияда дагы бул фактылар жазылган.

Демек, фактылар төмөнкүдөй.

Крымдын автохтондуу эли крымдык татарлар болгон, жана алардын өз мамлекети болгон – Крым кандыгы. Ал күчтүү жана маданияттуу мусулман мамлекети болгон. Ал эми, ошол мезгилде, орустар жарым аралда жок болчу, бир гана туткунга түшкөндөр болбосо эле.

ХVIII-кылымдын башталышында, Петр Биринчинин реформалары Московиядан Орус имперясын жараткан, аны күчөтүп жана коңшу европалык мамлекеттерди жеңе баштаган. Эстония жана Латвияны 1721-жылы жеңген, 1795-жылы – Литваны жана Польшанын бир бөлүгүн, Варшаваны кошо, 1809-жылы – Финляндияны жеңген. Бирок бүгүн алар эгемендүү улуттук мамлекеттер, БУУнун, ЕБнин жана НАТОнун (Финляндиядан тышкары) мүчөлөрү. Аларды азыр «эчактан эле орустардыкы» болгон деп айтар киши табылар бекен?

Крым кандыгын Москва 1783 жылы жеңип алган, тарыхый өңүттөн караганда, салыштырмалуу жакынды эле болгон окуя. Ошондуктан, Крым башынан эле Россиянын курамында болгон деп айтыш – тантыктык. Ал ошол мезгилге Орус империясы курал күчү менен өзүнө көз каранды кылган өлкөлөрдүн, улуттардын бири.

Крым жогуруда айтылып кеткен өлкөлөрдөн бир гана нерсеси менен айырмаланып турат: 1917-жылы Орус империясынын кыйроосунан кийин өз эгемендигин кайтара алган эмес. Крым, Украина сыяктуу, большевиктер тарабынан басылып алынган да, эми СССР деп аталып калган ошол эле Орус империясынын курамында калган.

А бирок, Украинага салыштырмалуу, Крым Советтер Союзунда «бакытсыз» болгон. Украина формалдуу мамлекеттик эгемендүүлүгү бар «союздук республика» болсо, ал эми Крым 1921-жылы автономия деген статус алып, Украина Советтик Социалисттик Республикасынын эмес, Орусия Советтик Социалисттик Федеративдик Республикасынын курамына кирип калган.

Кремлдин мындай чечими объективдүү реалдуулукка каршы келген, анткени географиялык жактан Крым жарым аралы Украинанын аймыгына кирет жана Орусияга эч бир тиешеси жок. Аймактык Украинага байлануу болуп, административдүү Орусияга тиешелүү болгондугу жарым аралдын экономикалык өнүгүүсүн татаалдаткан. Ошентсе да, ал дээрлик Украина тарабынын камсыздылган.

Бирок кийин, геоэкономикалык жана географиялык реалдуулукту эске алып, Москва кырдаалды өзү эле жайына келтирген. 1954-жылы Кремль Крымды Украина ССРна өткөзүп берүүнү демилгелеген. (Ошол мезгилде, Украина бир күнү эгемендүү өлкө болоорун Кремль ойлогон эмес, ошондуктан, иш жүзүндө алар үчүн Крым, Украина сыяктуу эле, орусиялык болуп саналып келген).

Крым СССРдин бүтүн укутарын жана мыйзамдарын сактоо менен Украинага өткөзүп берилген. Крымды Хрущев өзүмбилемдик менен берип салган деген уламыш – одоно калп. 1954-жылы Хрущевтун бийлиги анчалык күчүү эмес болчу.

Ошентип, «Крым мурунтан орустардыкы» деген лакаптын чын бетин ачууга жакындап жеттик. Крым Орус империясынын астында болгон акыркы 150 жыл (1783-1917 жж.) эсепке алынбаган, анткени ал малда орус камагында болгон бүгүнкү эгемендүү өлкөлөр да бул окуяга чатышып калмак. Ошондуктан 1921-жылдан тарта 1954-жылга чейинки убакытта Орус совет бийлигинин курамында болгон соңку 33 жыл эле мааниге ээ.

СССРдин ыдырышынан тарта, 1954-жыл орус жетекчилердин кыжырын келтирип жүргөн сыяктанат, анткени ал болбосо Крым Орусияныкы бойдон калаар эле. Ушуну менен бирге, 1921-жыл болбосо ал Украинанын курамында болоору, ал эми 1782-жыл болбосо, 0% орус улуту түзгөн эгемендүү өлкө болоору аларды эч оңойсуздандырбайт.

Мына, ошентип 2014-жылы империялык бетпактык чокусуна жетип, эларалык укукту бузуп, тарыхый мантык жана акыйкатчылыкты карабастан, Кремль ачык-айкын бандиттик түрдө Крымды зордоп тартып алган.

Дагы бир орустардын күлкүлүү бир уламышын баяндап бергим келет, аны россиялык президент өзү элге тараткан. Ал бир отурумунда «Крым биз үчүн руханий мааниге ээ, себеби ал орус улутунун жана мамлекетинин рухий булагы болгон», анткени князь Владимир так ошол жерде христиандык динине отуп, бүтүн Орусияны чокундурган деген.

Чынында эле князь Владимир 998-жылы Крымда чокундуруулган (жылбаяндарга карата) жана ошол жылы мамлекетин дагы чокундурган. Бирок ал киевдик князь болгон москвалык эмес, жана ал Киев орус мамлекетин чокундурган Орусияны эмес. Ал эми Москва, Орусия жана орус этносу ал мезгилде пайда боло элек болчу. Ошол заманда, азыркы Москванын токойлорунда финн уруулары башкарган, алар бир нече кылымдардан кийин славяндардын арасына сиңип, орус улутунун уюткусу болгон.

Мына, кайра эле тантыктык! Бирок мындай жасалма тарыхый окуя эларалык маалымат мейкининде кеңири жайылтууда. Алар бул калпты эл Википедиядан деле текшерип алышын эске алган эмес сыяктанат.

Айтмакчы, «орустардын Крымынын» тегерегинде уламыштар пропагандалык фейк жана тарыхты бурмалоо менен чектелбейт. Крымда, 1944-жылдын май айында, Москва чоң кылмыштуу операция жүргүзгөн, анын максаты жергиликтүү элди кыруу жана алардын ордуна орус улутундагы калкты жайгаштыруу болгон.

1941-1944 жылдары Сталиндин режими Гитлер менен коллаборационизмде болгон деп, Крымды жана крым-татар элин оккупацияга алган да, эки күндүн ичинде 191 000 крымдык татарларды, кичинекей ымыркайларга чейин, СССРдин башка аймактарына көчүрүп жибергени далил. Мамлекетке чыккынчылык кылган дегени бир гана шылтоо болгондугун ал малда фронтто фашистерге каршы согушуп жаткан 9000 кызыл аскер жана алардын үй-бүлөсү куугунтукка туш болгону далилдейт. Негизги максат этностук тазалоо болгон, анткени татарлардан тышкары жарым аралда кылымдар бою жашап келген башка этностук топтор дагы көчүрүлгөн: гректер, болгарлар жана армяндар. Жарым аралдын аймагында бир гана славяндар калтырылган: украиндер жана орустар.

Крым тазалангандан кийин, орустар аймактардан жарым аралга массалык түрдө көчүп келе башташтап, жергиликтүү элден калган 80 000 үйдү ээлеп алышкан. Ошул орус колонистердин урпактары бүгүнкү күндө Крымдын аннексиясын колдоодо.

Кийин, крымдык татарлар мекенине кайтуусунда Москва бой бербей койгон. Ал эми Украина эгемендүү болоору менен татарларды массалык түрдө репатриациялан, жана аларды жайгаштыруу боюнча чыгымдарды өз моюнуна алган. 2013-жылы мекенине кайткан татарлардын саны 266 000 жетип, алар жарым аралдын калкынын 13,7% түзгөн.

2014-жыл крымдык татарлар үчүн чынында улуттук каргашалуу окуянын башаты болду. Алар ГУЛАГтан чыгып мекенине кайтып кесе, ГУЛАГ алардын артынан үйүнө кирип келди. Ошондуктан, Крымдагы татарлар орус баскынчыларга каршы чыгып, Украинаны колдоп келе жатат. 25 миңден ашык татарлар кайрадан мекенин таштап, Украинага көчүүгө мажбур болгон. Кремль татарлардын улуттук парламенти болгон Межлисине дагы тыюу салган, андан тышкары, татарларды медиа, билим, маданият жана дин тармактарында дагы кысымчылык кылууда. Бир нече татар патриоттор камакка алынганы далил. Мисалы, 2018-жылдын декабрында баскынчылар Эдем Бекиров аттуу коомдук ишмерди Крымдын чек арасынан кармап, камакка алышкан. Ал Крымга жөн гана 78 жаштагы апасын зыярат кылууга келгендиге карабастан, бирөөгө тапшыруу максатында 15 килограмм жардыруучу зат алып кирген деп аны күнөөлөөдө. Ал эми Бекиров оор абалдагы бир бутунан ажыраган майып, ал диабеттен жапа тарткан жана бир жыл мурда инфарктан кийин жүрөгүнө 4 шунт койдурган бечара. Ал ооруларынын айынан 2 килограммды дагы көтөрө албаган адам болуп, кантип 15 киллограммдык баштыкты көтөрмөк эле? Орустардын мындай тантыктыгы, куру бекер дооматынын максаты Крымдагы татарларды коркутуу жана чочутуу экендигин тастыктайт.

Белгилеп кетсем, репрессиялардан жапа чеккендер бир гана татарлар эмес. Мыйзамсыз камакка алынган кинорежиссердун аты бүткүл дүйнөгө таанымал. Этносу боюнча орус жана Украинанын чыныгы патриоту болгон Олег Сенцов, Крымдын аннексиясына каршы нааразычылыгын ачык эле билдирип келген. Биз үчүн дагы бир чыныгы эрдиктик символу — украиналык Владимир Балух, ал оккупацияланган Крымда өз үйүнүн чатырында Украинанын желегин илгендиги үчүн түрмөгө камалган. Өзүңүз көргөндөй, Крымда баскынчыларга каршы ар кайсы улуттун өкүлү болгон, таза жана кайраттуу карапайым эл чыгууда. Жарым аралдын аймагында, Москва адам жана улуттук укуктарды бузуп жаткандыгын БУУ жана башка эларалык уюмдар белгилеп келүүдө. А бирок, эларалык коомчулугу, саясий айып менен камалгандарды бошотуу максатында баскынчыларга каршы күч-аракетин күчөтүү зарыл деп ишенем.

Өзүбүз көргөндөй, бүгүнкү крымдык татарларга каршы кылмыш, тарыхта «депортация» деп аталып калган, 1944-жылдын кылмышынын уландысы болууда. Бүгүнкү күндө, ошол замандын кылмышын журналистер, саясатчылар жана окумуштуулар «депортация» деп атап келүүдө. Андыкча, бул термин чындыкты жумшартып, бурмалап көрсөткөн саясий эвфемизм. Биринчи 4 жылдын ичинде, сүргүнгө учураган крымдык татарлардын 46,2 пайызы татаал жашоо шарттарына бесептүү каза тапканы тарыхта далил. Демек, депортация дегени, негизинде, кадимки эле геноцид экендиги ачыкка чыгууда. Маалымат бурмалап берилгендигине себептүү, крымдык татарларынын геноциди, өз убагында Голодомор сыяктуу, адамзаттын тарыхый эс тутумунан жок болуп кеткен. Бул советтик-орус бийлигинин дагы бир кара жеңиши экендигин моюунга алышыбыз керек.

Демек, Москва үчүн «Крым мурунтан эле орустардыкы» деген миф крымдык татарларга каршы геноцидтин натыйжасын сактап калуу жана алардын ордуна келген орус баскынчыларды жердештирүү максатында керектиги анык.

Ошондуктан, Крымдын деоккупациясы жана аны Украинанын суверенитетине кайтаруу, саясий жана укуктук маселелеринен тышкары, күчтүү моралдык мааниге ээ. Эларалык коомчулугу дагы бир геноцидти «кечирбеши» керек, аны уюштурган адамдар, ал тургай ондогон жылдар өтсө дагы, өз максатына жетишине бой бербеш керек.

П. Климкин, Украинанын Тышкы Иштер Министри.


ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.